Ош облусунда өткөн “Агро Экспо” агротехникалык көргөзмөсүнө Ош технологиялык университетинин өкүлдөрү катышып, айыл чарба тармагындагы заманбап технологиялар менен таанышышты. Иш-чарага Эрлист Акунбеков жетектеген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, дыйкандар жана фермерлер катышты.
Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба техникалары, көчөттөр, үрөндөр жана агрохимиялык каражаттар сунушталып, катышуучулар тармактагы жаңы технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле иш-чарага чет өлкөлөрдөн — Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген өкүлдөр да катышты.
Белгилей кетсек, Ош технологиялык университетинде айыл чарба тармагына байланышкан агрономия, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы сыяктуу адистиктер даярдалат. Мындай көргөзмөлөргө катышуу студенттердин билим деңгээлин жогорулатып, тармактагы жаңы тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.