Enactus Kyrgyzstan тарабынан 2026-жылдын 27–28-февралы жана 1-март күндөрү Бостери айылындагы «Жетиген» пансионатында Winter Camp 2026 кышкы лагери өткөрүлдү.
Лагердин алкагында катышуучулар социалдык ишкердик, долбоордук менеджмент, туруктуу өнүгүү максаттары жана улуттук мелдештерге стратегиялык даярдык багыттарында интенсивдүү тренингдерге, ментордук сессияларга жана практикалык воркшопторго катышышты.
Бул иш-чара Enactus ОшТУ командасы үчүн Улуттук мелдешке даярдыктын маанилүү этабы болуп, долбоордук идеяларды тактоого, презентациялык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана команданын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.