Ош технологиялык университетине Япониянын Токио шаарынан стол үстүндөгү теннис боюнча волонтёр адис Ю Фудзивара келди. Спортчуну университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, волонтёрдук ишмердүүлүккө ийгилик каалады.
Ю Фудзивара 22-февралдан 1-мартка чейин Ош технологиялык университетинде болуп, студенттерге, жаштарга жана стол үстүндөгү теннис сүйүүчүлөргө багытталган семинар-тренингдерди жана окуу-машыгуу сабактарын өткөрөт. Иш-чаралардын негизги максаты — стол үстүндөгү теннисти өнүктүрүү, практикалык тажрыйба бөлүшүү жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу.
Белгилей кетсек, Ю Фудзивара Япониянын университеттер аралык чемпионаттарынын жеңүүчүсү болуп саналат. Аталган волонтёрдук демилге студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттырып, эл аралык тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.











