Сиздерди Ош технологиялык университетинин жалпы жамаатынын атынан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Ата Мекенди коргоо — бул аскердик милдет менен гана чектелбестен, билимге умтулуу, адал эмгек кылуу, элине берилгендик жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу менен да өлчөнөт. Бул багытта тажрыйбалуу окутуучулар өз билими жана тарбиясы менен жаш муунга жол көрсөтүп, студенттер өлкөнүн келечегин кура турган негизги күч болуп саналат.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык, ийгилик жана кажыбас кайрат каалайм.
Майрамыңыздар менен!











