23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинде майрамдык мелдеш уюштурулду. Иш-чараны Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык предметтик циклдык бирикмесинин аскерге чейинки даярдык окутуучулары өткөрүштү.
Мелдеш 1-курс студенттеринин арасында аскердик-прикладдык спорттун түрлөрү боюнча уюштурулуп, катышуучулар автоматты толук эмес чачуу жана топтоо, коргонуучу бет капты колдонуу ыкмалары, ошондой эле кол менен урушуу боюнча күч сынашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн ыкчамдыгын, чыдамкайлыгын жана даярдык деңгээлин көрсөтө алышты.
Мелдешке университеттин кесиптик бирлик комитети колдоо көрсөтүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн катышуучуларга белектерди тапшырды.
Аталган иш-чара студенттердин аскердик-патриоттук тарбиясын бекемдөөгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган маанилүү саамалык болду.