Ош технологиялык университетинде Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасы тарабынан докторанттар жана илимпоздор үчүн «Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу, илимий иштин түзүлүшү, изилдөө методдорун туура тандоо жана алынган жыйынтыктарды талдоо маселелери кеңири каралды. Ошондой эле илимий эмгектерди даярдоо жана аларды улуттук жана эл аралык басылмаларга жарыялоонун талаптары боюнча практикалык сунуштар берилди.
Семинарда Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасынын жетекчиси Нургул Кадыркулова «Илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыялоо», ошондой эле РИНЦ, Scopus, Web of Science базаларына макала даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасады. Ал жогорку рейтингдүү журналдарга макала даярдоонун этаптары, рецензиялоо процесси, антиплагиат талаптары жана автордук жоопкерчилик боюнча кеңири маалымат берди.
Иш-чара катышуучулар үчүн пайдалуу болуп, илимий ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга багытталган практикалык кеңештер менен коштолду.