Ош технологиялык университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата «Тил – элдин мурасы» аттуу адабий кече уюштурулду.
Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышты. Адабий кечени университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулпуев Ашым Зулпуевич ачып берип, эне тилди сактоо, өнүктүрүү жана тилдик ар түрдүүлүккө сый-урмат менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Иш-чара эне тилин жана улуттук маданиятты жайылтуу, студенттердин баарлашуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле улуттук каада-салттарды сактоо максатында Мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Адабий кеченин алкагында эне тилдин тарыхы тууралуу ар түрдүү тилдерде маалыматтар берилип, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган ой толгоолор, сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле улуттук жана чет элдик чыгармалар аткарылып, кыргыз бийи, комуз күүлөрү, ырлар жана көп тилдүүлүктү даңазалаган маданий номерлер тартууланды.
Бул иш-чара студенттердин тилге жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, көп улуттуу коомдо өз ара түшүнүшүүнү жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түздү.