Ош технологиялык университетине түзүлгөн келишимдердин алкагында кызматташтыкты улантуу максатында Оштогу Ноокат районунда жайгашкан жер семирткичтер заводунун директору Хан Цян Хуа жетектеген Кытай Эл Республикасынан келген делегация иш сапары менен келди.
Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жетектеген курам тосуп алып, жолугушуу өткөрдү.
Делегациянын курамында Сью Янк мырза жана Ли Юн айым болуп, алар жасалма интеллект багытындагы заманбап университеттердин жана билим берүү мекемелериндеги автоматташтырылган процесстердин үлгүлөрүн тааныштырып, учурдагы жасалма интеллекттин билим берүү мекемелериндеги артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош технологиялык университети менен жер семирткичтер заводунун ортосунда окуу-тажрыйба аянтчасын түзүү маселеси талкууланды. Бул аянтчада университеттин студенттери, магистранттары жана илимпоздору кытайлык адистер менен биргеликте тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Тараптар билим берүү, илимий изилдөө жана өндүрүш багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышып, келечектеги өнөктөштүктү бекемдөө боюнча макулдашышты.
Бул иш сапар Ош технологиялык университетинин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана заманбап технологияларды окуу процессине киргизүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.