Ош шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын алкагында, ошондой эле жаштарды колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу максатында «Мекенди сүйүү өзүбүздөн башталат» аттуу көркөм окуу сынагы өткөрүлдү.
Аталган сынакка Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун ЗЧС-1-25 тайпасынын студенти Элтойдуев Байбол катышты. Студент Мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын доценти Турганбаева Нуржан Сатыбалдыевнанын жетекчилиги астында даярдалып, сынакта активдүү катышуу менен ийгилик жаратты.
Сынактын жыйынтыгында Элтойдуев Байбол Ош шаардык мэриясы тарабынан кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.











