Ош технологиялык университети менен Ташкент геологиялык илимдер университетинин ортосунда түзүлгөн жогорку окуу жайлар аралык өз ара кызматташуу меморандумунун алкагында ОшТУнун Пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын окутуучулары геология багытында квалификациясын жогорулатышты.
72 сааттык көлөмдөгү курс алгач онлайн жана андан кийин оффлайн форматтарда уюштурулуп, Ташкент геологиялык илимдер университетинин доценттери – А.Ходжаев жана А.Курбонов тарабынан өткөрүлдү.
Сабактардын жүрүшүндө заманбап геологиянын актуалдуу маселелери, профилдик дисциплиналарды окутуунун усулдары, билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселелери кеңири каралды.
Курстун жыйынтыгында ОшТУнун Пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын окутуучулары квалификациясын ийгиликтүү жогорулаткандыгы туурасында сертификаттарга ээ болушту.
ОшТУнун жетекчилиги профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн конокторго ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар жогорку окуу жайлар аралык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.