2025-жылдын декабрь айында Экономика жана башкаруу институтунун доценттери, экономика илимдеринин кандидаттары Хамзаева Айнура Мураталиевна жана Самиева Каникей Токтогуловна тарабынан «Туруктуу өнүгүү максаттарын университеттердин ишмердүүлүгүнө интеграциялоо» аталышындагы илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.
Семинарга ОшТУнун бардык институттарынын жана колледжинин 150дөн ашык профессордук-окутуучулук курамы катышып, туруктуу өнүгүү принциптери, улуттук жана эл аралык статистикалык маалыматтар, БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын университеттердин ишмердүүлүгүнө киргизүүнүн мааниси тууралуу кенен маалымат алышты.
Практикалык бөлүктө катышуучулар «Экологиялык из» жана «Көмүртек изи» калькуляторлору аркылуу өзүнүн табиятка тийгизген таасирин эсептеп, аны азайтуу жолдорун, студенттерди багыттоо жана окуткан предметин Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн тажрыйбалуу көрүштү