Ош технологиялык университетинде Жаштар комитетинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, мыктыларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чараны Жаштар комитетинин төрагасы Кадырбеков Элтуран ачып берип, жыл ичинде активдүүлүк көрсөткөн студенттерди жана командаларды куттуктап, жаштардын университеттин коомдук жашоосундагы орду өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Сыйлоо аземинде студенттер төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
Мыкты команда – Экономика жана башкаруу институту
Жылдын мыкты Instagram баракчасы – Инновациялык маалымат технологиялар институту
Жылдын жаңырыгы – Архитектура жана курулуш институту
Жылдын эң позитивдүү командасы – Гуманитардык-технологиялык колледж
Жылдын мыкты лидери – Абдураимов Ибрагим
Жылдын мыкты лидер айымы – Калмурзаева Айжан
Жылдын мыкты активисти – Максатбеков Аслан
Жылдын мыкты активисткасы – Мамаева Гулзина
Жылдын мыкты төрайымы – Тологон кызы Айида
Жылдын мыкты төрагасы – Авасбеков Актилек
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, майрамдык маанайда өттү. Ошондой эле уюштуруу иштерине активдүү катышкан студенттерге Жаштар комитетинин ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Бул сыйлоо аземи Ош технологиялык университетинин жаштарынын демилгелерин колдоого алып, алардын чыгармачылык жана лидерлик потенциалын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.