Ош технологиялык университетинде окуу жайдын окутуучуларынын жана кызматкерлеринин балдары үчүн ректордун жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Майрамдык иш-чарага университет жетекчилиги, эмгек жамаатынын мүчөлөрү, ата-энелер жана бөбөктөр катышты.
Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов ачып берип, жаш балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, алдар — өлкөнүн жана университеттин келечеги экенин белгилеп, аларга бекем ден соолук, кубанычтуу балалык жана жаркын келечек каалады. Ошондой эле Энергетика жана транспорт институтунун директору Нуркул Мурзакулов жана окуу бөлүмүнүн башчысы Улан Абдуллаев куттуктоо сөздөрүн айтып, бөбөктөргө жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.
Майрамдын жүрүшүндө Энергетика жана транспорт институту тарабынан даярдалган жомок каармандары, ыр-бий номерлери тартууланып, балдардын майрамдык маанайын көтөрдү. Кеченин негизги каармандары — Аяз ата менен Аяз кыз келип, балдардын өнөрүнө күбө болуп, ар бир бөбөккө арналган белектерди жана таттууларды тапшырышты.
Майрамдык иш-чара университет жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети жана Энергетика жана транспорт институту тарабынан уюштурулуп, бөбөктөргө белектер кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен берилди.
Белгилей кетсек, балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы Ош технологиялык университетинде жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.