Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланган илимий-изилдөө иштеринин жылдык отчетторун угуу иш-чарасы Бишкек шаарында өттү. Бул иш-чарада Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун илимпоздору, б.и.к., доцент Тешебаева Зулумкан Абдыманаповнанын жетекчилигинде, Ош шаарынын жана анын айланасындагы жашыл аймактардын абалын илимий жактан изилдөөдө жыйынтыктарын сунушташты.
Изилдөө учурунда 120дан ашык дарак жана бадал түрлөрү, 58 зыянкеч курт-кумурскалардын түрү жана 65 фитопатогендер аныкталды, алар жашыл аймактарга зыян келтирет. Негизги зыянды жалбырактуу жана сиңирүүчү зыянкечтер, ошондой эле гриб жана бактериялык оорулар тийгизет.
Илимий иштердин негизинде зыянкечтерге жана ооруларга каршы биологиялык ыкмалар иштелип чыгып, шаардагы жашыл аймактарды калыбына келтирүү боюнча сунуштар берилди.
Жыйынтыгында 8 илимий макала жарыяланды, анын ичинде Web of Science жана Scopus маалымат базаларында.