Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун Жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасы тарабынан “Жаш жаратман” аталышындагы жогорку окуу жайлар арасындагы көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөдө студенттердин кол өнөрчүлүк, тартуу, жанжазуу, композиция жана моделдердин эскизи номинациялары боюнча эмгектери көрсөтүлдү. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Дизайн кафедрасынын, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Механика, энергетика жана дизайн кафедрасынын, ОшТУнун Жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын, ошондой эле гуманитардык-технологиялык колледждин студенттери катышты.
Калыстар тобун Ош ТУнун Архитектура жана курулуш институтунун сүрөтчү окутуучулары түзүп, жеңүүчүлөргө беш номинация боюнча 1-, 2- жана 3-даражадагы дипломдор ыйгарылды.
1-даражадагы дипломдор:
Кол өнөрчүлүк: ДО-23 тайпасынын студенти Жунаева Гүлбарчын
Композиция: ДО-24 тайпасынын студенти Мийзамидин кызы Таңсулуу
Живопись: ИКТ-24 тайпасынын студенти Ашимова Сафина
Моделдердин эскизи: ДО-24 тайпасынын студенти Боркошова Мыскал
Тартуу: Ош МУнун ДК-2-25 тайпасынын студенти Абдраимова Азема
2-даражадагы дипломдор:
Жанжазуу: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Диз-24 тайпасынын студенти Көчкөнбаева Минура
Кол өнөрчүлүк: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Диз-24 тайпасынын студенти Камытова Таңсулуу
Тартуу: Ош МУнун ДК-2-25 тайпасынын студенти Абдраимова Улара
Моделдердин эскизи: ОшТУнун ДО-24 тайпасынын студенти Зарылбек кызы Айбийке
Композиция: ОшТУнун ГТКсынын ДЗ-23 тайпасынын студенти Батыржанова Хамрохан
3-даражадагы дипломдор:
Кол өнөрчүлүк номинациясы боюнча ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин КМТШИ-23 тайпасынын студенти Кожомбердиева Нуриза
Жанжазуу номинациясы боюнча ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин ДЗ-24 тайпасынын студенти Нарматова Нилуфар
Тартуу номинациясы боюнча Ош мамлекеттик университетинин ДК-2-25 тайпасынын студенти Кожоева Айназик
Моделдердин эскизи номинациясы боюнча Ош мамлекеттик университетинин ДК-2-24 тайпасынын студенти Орунбаева Акмарал
Композиция номинациясы боюнча Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ИКТ-22 тайпасынын студенти Алмазбек кызы Токтайым