Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунда «Мыкты илимий макала» аттуу конкурс өткөрүлдү. Иш-чарага институттун окутуучулары жана Экономика багыты боюнча «Финансы жана кредит», «Бухгалтердик эсеп жана аудит», «Статистика» профилдеринде, ошондой эле «Интернет технологиялар» багыты боюнча «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудиттеги интернет технологиялар» профилинде билим алып жаткан 2-курстун студенттери катышышты.
Конкурстун негизги максаты — студенттерди илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө кызыктыруу жана алардын изилдөөчүлүк потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.
Конкурс 3-семестрде окутулган «Илимий изилдөөлөрдүн негиздери» предметинин алкагында уюштурулуп, жалпысынан 4 тайпадан 52 илимий макала кабыл алынды.
Институт тарабынан түзүлгөн комиссиянын катышуусу менен конкурстун жыйынтыктоочу туру өткөрүлүп, анда 9 студент өздөрүнүн илимий макалалары боюнча презентация жасап чыгышты. Жыйынтыгында 3 мыкты илимий макала тандалып алынды.
Сыйлоо аземинде институттун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Хамзаева Айнура Мураталиевна бардык катышуучуларга сертификаттарды тапшырып, мыкты деп табылган 3 студентке дипломдор ыйгарды. Ошондой эле конкурстун демилгечиси жана уюштуруучусу — «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бул конкурс студенттердин илимий ишмердүүлүгүн колдоого, аларды изилдөөгө багыттоого жана келечектеги илимий кадрларды даярдоого багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.