Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде Энергетика предметтик-циклдык бирикмесинин башчысы Нурмаматов Актан Токтоналиевич тарабынан 22-декабрь – Энергетиктер күнүнө карата «Кыргыз энергетикасынын бүгүнкү абалы жана келечеги» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чараны Ош ТУнун окуу бөлүмүнүн башчысы Уланбек Абдуллаев ачып берип, энергетика тармагында эмгектенип жаткан адистерди жана студенттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Андан соң Ош электр тармактар ишканасынын директору Жолдубай уулу Тилек, Энергетика жана транспорт институтунун директору Нуркул Мурзакулов, ошондой эле Техника жана технология бөлүмүнүн башчысы Рустам Пакирдинов куттуктоо сөздөрү менен чыгып, энергетика тармагынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу ойлору менен бөлүшүштү.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, иш берүүчүлөр, энергетика багытынын студенттери жана Энергетика предметтик-циклдык бирикмесинин жамааты катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын энергетикасынын бүгүнкү абалы жана келечеги, энергетика тармагында эмгекти коргоо маданиятын жогорулатуу, альтернативдүү энергетиканын орду, санарип технологиялардын энергетикадагы ролу, ошондой эле жаңылануучу энергия булактарын киргизүүдөгү негизги тоскоолдуктар боюнча талкуу-дискуссия болуп өттү.
Мындан сырткары, суроо-жооп бөлүмүндө студенттер окутуучулар жана иш берүүчүлөр менен түз байланышта болуп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.