Кыргыз Республикасынын Президентинин руханий жана адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик туралуу Жарлыктарына, 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Ош технологиялык университетинде “Улуттук адабият – улуттун руханий өзөгү” деп аталган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган адабий жумалык жарыяланып, ийгиликтүү өттү. Жумалыктын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармалары боюнча адабий талкуулар, ой жүгүртүүлөр, баяндамалар уюштурулуп, жазуучунун чыгармаларындагы улуттук аң-сезим, руханий кризис, заман жана адам темалары кеңири каралды. Жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы катары Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Алиева Фарида Эсеновна «Айтматовдук идеялар жана доор чакырыктары» деген темада мазмундуу конок лекция окуду. Лекцияда Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ой жүгүртүү, адамзаттын тагдырына болгон жоопкерчилик, глобалдашуу доорундагы руханий баалуулуктардын маңызы тууралуу терең илимий пикирлер айтылып, студенттердин кызыгуусун жаратты. Лектор Айтматов көтөргөн маселелер бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин, анын идеялары жаш муун үчүн таалим-тарбиялык мааниге ээ экенин мисалдар аркылуу кеңири түшүндүрүп берди. Конок лекция суроо-жооп, жандуу талкуу менен улантылып, студенттер жана окутуучулар үчүн руханий аянтча түзүлдү. Фарида Эсеновнанын лекциясы катышуучулардын ой жүгүртүүсүн кеңейтип, адабият аркылуу коомдук маселелерди аңдап түшүнүүгө өбөлгө болду.
Адабий жумалык жалпы жамаат үчүн руханий байлыкты арттырган, билим берүү менен маданиятты айкалыштырган маанилүү иш-чара катары жыйынтыкталды.