2025-жылдын 12-декабрь күнү Ош технологиялык университетинде улуу жазуучу, дүйнөлүк деңгээлдеги ойчул Чынгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленип, “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу адабий кече болуп өттү.
Иш-чара адабиятты, улуттун руханий баалуулуктарын даңазалоону жана студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү максат кылды. Кечени Коомдук жана табигый илимдер борборунун Мамлекеттик тил предметтик-циклдик бирикмеси уюштурду.
Кечени мамлекеттик тил боюнча проректор, педагогика илимдеринин доктору Ашим Зулпуев ачып берип, Айтматовдун мурасы жана иш-чаранын мааниси жөнүндө сүйлөдү.
Иш-чара поэзияга, көркөм окууга, театрлаштырылган көрүнүштөргө жана Айтматов каармандарынын образдарына бай болду. Студенттер “Тоолор кулаганда”, “Сейде”, “Асель”, “Алтынай”, “Кызыл алма” сыяктуу чыгармалардан үзүндүлөрдү жандуу берилип, улуу жазуучунун дүйнөсүнө саякат жасашты.
Ошондой эле, бий номерлери, манас айтылуусу, жеке чыгармалар, видео-ролик жана Kahoot интеллектуалдык оюну көрсөтүлдү.
Кеченин соңунда коомдук жана табигый илимдер борборунун жетекчиси Альбина Таштемирова жана Мамлекеттик тил ПЦБнын башчысы Тынычбек Үсөнөв жыйынтык сөзүн сүйлөп, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул маданий саамалык студенттерге Айтматовдун гуманизмге, адамдыкка, рухий бийиктикке чакырган түбөлүктүү ойлорун дагы бир жолу эстетип, улуттук адабиятка болгон кызыгууну арттырды.