Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжиндеги Педагогика жана котормо иши предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан “Манас жана Айтматов – улуттун руханий дөөлөтү” аттуу студенттер аралык инсценировка жана көркөм окуу кечеси өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышын ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулпуев Ашим Зулпуевич ачып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөлүк мааниси жана улуттук маданияттагы орду тууралуу кеңири баяндап өттү. Ошондой эле жаштардын билим алуусу жана руханий тарбиясы жөнүндө да айтып өттү.
Гуманитардык-педагогикалык жана IT технологиялар бөлүмүнүн башчысы Зикирова Гулайым да катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Ч.Айтматовдун мурастарынын тарбиялык маанисине токтолду.
Кечеде “Данияр жана Жамиля” көркөм бий композициясы, Ч.Айтматов тууралуу видео-маалымат, ар кандай сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Поэзия окулуп, Манас айтылды. Студенттер тарткан видеоролик сунушталып, “Дүйшөн жана Алтынай” аттуу сахналык көрүнүш коюлду. Ошондой эле жеке номерлер жана монологдор аткарылды.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге улуттук адабияттын кайталангыс дөөлөттөрү болгон Манас эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын терең таанытуу жана алардын руханий-маданий баалуулуктарын даңазалоо болуп саналат.