Тажикстан Республикасынын Тажик техникалык университетинин ректору Давлотзода Кудрат Камбардын чакыруусу менен Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов баштаган делегация М. Осими атындагы Тажик техникалык университетине расмий иш сапары менен барды.
Тажик техникалык университетинин ректору Давлотзода Кудрат Камбар жетектеген жамаат Ош ТУнун өкүлдөрүн жылуу тосуп алып, тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки университет ортосунда эки тараптуу меморандум түзүлүп, кызматташуунун жаңы багыттары аныкталды.
Проректор Улукбек Мамытов Тажик техникалык университетинин жамаатына ыраазычылык билдирип, академиялык өнөктөштүктүн маанисине токтолду. Ал Ош ТУнун делегациясы Тажик техникалык университетинин илимий жана билим берүү потенциалын жогору бааларын, мындан аркы өз ара кызматташтык үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Иш сапардын негизги максаты — эки университеттин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, бекемдөө жана жаңы багыттарды аныктоо.
Жолугушууда төмөнкү багыттар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды:
• эки тараптуу академиялык байланыштарды чыңдоо;
• биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу;
• илимий изилдөөлөр жана инновациялык демилгелер;
• билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу;
• профессордук-окутуучулар курамынын академиялык мобилдүүлүгү;
• студенттердин алмашуу программаларын өнүктүрүү;
• биргелешкен конференциялар жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу.
Бул иш сапар Ош технологиялык университети жана М. Осими атындагы Тажик техникалык университети ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүп, келечектеги орток долбоорлорго жол ачты.