Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимович Мурзубраимовдун 85 жылдык мааракесине, ошондой эле окуу жайдын 30 жылдык юбилейине арналган “Илим жана билим берүү: натыйжалуу интеграциянын келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияны окуу жайдын директору, доцент Муратбаева Гулбарчын Насаркуловна ачып берди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн илимпоздору, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Өзгөн районунун жетекчилери, ардагерлер, мекеме-уюмдардын башчылары жана студенттик-окутуучулар жамааты катышты.
Конференциянын ачылышында академик Б.Мурзубраимовичтин илимдеги көп жылдык эмгеги, өлкөнүн билим берүү тармагына кошкон зор салымы белгиленип, анын өмүр жолу жана илимий мурасы тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Расмий бөлүктө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, Ош технологиялык университетинин ректору профессор Жанболот Турсунбаев жана райондун бир катар мекеме-уюм жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, маараке ээси тууралуу жылуу пикирлерин билдиришти.
Конференциянын алкагында Кытай Эл Республикасынын Конфуций институтунун өкүлдөрү, Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик техникалык институтунун делегациясы да өз куттуктоолорун жолдошту.
Илимий бөлүктө белгилүү окумуштуулар — филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаров, медицина илимдеринин кандидаты Рахманбек Тойчуев, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Эльтар Смаилов илимий баяндамаларын сунуштап, билим берүү жана илимдин интеграциясынын келечеги боюнча маанилүү ойлорду ортого салышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында академик Бектемир Мурзубраимович конференциянын катышуучуларына ыраазычылык айтып, билим берүү менен илимди өнүктүрүүдө кызматташтыкты чыңдоонун маанисин белгиледи.