Ош технологиялык университетинде Окуу жайдын 2-корпусунун сырткы фасадын оңдоо жана модернизациялоо иштери активдүү жүрүүдө.
Долбоорлоо учурунда энергетика институту жана ОшТУнун Инновациялык илимий-технологиялык борборунун демилгеси менен кадимки фасаддык материал күн панелдери менен алмаштырылып, окуу жай үчүн кошумча электр энергиясын өндүрүү сунушталды. Учурда керамаграниттин ордуна күн панелдери орнотулуп жатат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, орнотулуп жаткан панелдер күнүнө болжол менен 200 кВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эскерте кетсек, күн панелдеринин негизги милдети фасаддык материал катары кызмат кылуу болуп саналат жана оптималдуу бурчта орнотулбагандыктан энергия өндүрүмдүүлүгү толук эмес. Ошондуктан бул панелдерди толук кандуу күн электр станциясы деп эсептөөгө болбойт.
Ошентсе да, күн панелдери фасаддык материал катары кызмат кылууда, ошондой эле окуу жай үчүн кошумча электр энергиясын өндүрүп, университеттин энергиянын натыйжалуу жана заманбап пайдаланылышына салым кошот.











