Ош технологиялык университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында университеттин бир катар окутуучу-илимпоздоруна доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Окумуштуулук наам менен төмөнкү окутуучулар сыйланышты:
• академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору Муратбаева Гүлбарчын;
• Кесипке билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы Бердибекова Сырга;
• Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасынын жетекчиси Кадыркулова Нургүл;
• Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын окутуучусу Орозмаматова Жыпаргүл;
• Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын окутуучусу Момунов Умот.
Ош технологиялык университетинин жамааты окумуштуулук наам алган окутуучуларды чын дилинен куттуктайт жана мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалайт.