26-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүнө карата Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун Бизнес информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын уюштуруусу менен студенттер арасында «Маалымат — XXI кылымдын байлыгы» аттуу Шайыр тапкычтар конкурсу (ШТК – КВН) ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Ош МУ, ОШ КӨЭУ, ОШ МПУ, ОШ ТУ жогорку окуу жайларындагы Бизнес информатика багытында окуган студенттерден түзүлгөн командалар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Бизнес информатика тармагындагы студенттердин чыгармачылыгын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана маалыматтык маданиятын өнүктүрүү, ошондой эле жогорку окуу жайлар арасындагы достук жана кызматташтыкты чыңдоо болду. Конкурс билимди юмор менен айкалыштырып, студенттердин логикасын жана IT-маданиятын өстүрүүгө чоң салым кошту.
Таймаш үч тур боюнча өттү:
1. “Таанышуу” (Саламдашуу): Командалар өзүн, команданын атын жана стилин креативдүү жана юмордук элементтер менен таанытышты. Алар сахнага “код жүктөп жаткандай” чыгуу же “Маалымат борборунан түз эфир” стилин колдонушту.
2. “Суроо-жооп жана импровизация”: Бул турда катышуучулар ІТ жана маалымат боюнча берилген суроолорго тез жана күлкүлүү жоопторду берип, интеллектуалдык тапкычтыгын көрсөтүштү.
3. “Үй тапшырмасы”: Командалар маалымат, бизнес жана технология темасындагы кыска сахналык чыгармаларды көрсөтүп, мыкты актердук оюн жана юморду айкалыштыра алганын далилдешти.
Коноктор үчүн кызыктуу викториналар жана сыйлыктар да каралып, иш-чарага шаң кошту.
Таймаштын жыйынтыгында калыстар тобу төмөнкүдөй орундарды ыйгарды:
• Гран-При: Ош МУ
• 1-орун: Ош КӨЭУ
• 2-орун: Ош МПУ
• 3-орун: Ош ТУ
Жеңүүчү командалардан сырткары, башка номинациялар боюнча да сыйлыктар тапшырылды: “Эң мыкты ІТ тамаша” , “Эң мыкты актердук оюн” жана “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү”.