Ош технологиялык университетинде 2025-жылдын 28-ноябрында кезектеги Окумуштуулар кеңеши өткөрүлдү. Жыйында бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Күн тартибинде Ош технологиялык университетинде билимдин сапатын жакшыртуунун ыкмаларын камсыздоону ишке ашыруу тууралуу, Инновациялык маалымат технологиялар институтунун окуу, окуу-усулдук, илимий, тарбиялык жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү абалы тууралуу жана ар түрдүү маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине ылайык каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер өз багыттары боюнча маалымат берип, мүчөлөр тарабынан сунуштар айтылып, пикир алмашуулар жүрдү. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.