Ош технологиялык университетинде «Жеткиликтүү айлана-чөйрө: Кыргыз Республикасындагы инклюзивдүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр» аттуу илимий-билим берүү форуму болуп өттү. Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов ачып, инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн жана жеткиликтүү инфраструктура түзүүнүн актуалдуулугуна токтолду. Ал университеттеги аракеттер, социалдык демилгелер жана студенттердин коомдук жоопкерчилигин жогорулатуу багытындагы иштерди белгиледи.
Форумга министрлик, шаар мэриясы, билим берүү департаменти жана регионалдык архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык университеттерден окумуштуулар онлайн жана оффлайн форматта баяндама жасашты. Коомдук уюмдар жана кайрымдуулук фонддору инклюзивдүү коомду өнүктүрүү механизмдерин талкуулашты.
Пленардык бөлүктө инклюзивдүүлүктүн укуктук негиздери, социалдык адаптация, тоскоолдуксуз чөйрө, санариптик жеткиликтүүлүк жана мамлекеттик деңгээлдеги өнүгүү тенденциялары боюнча баяндамалар болду.
Форумдун алкагында студенттер арасында «Инклюзивдүү коом: чек арасыз жеткиликтүүлүк» сынагы өткөрүлүп, командалар презентация, тематикалык викторина жана долбоордук сунуштарды коргоо этаптарында өз идеяларын жана сунуштарын сунушташты. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды.
Форум студенттердин социалдык активдүүлүгүн жогорулатып, инклюзивдүү жана жеткиликтүү коом үчүн жаңы идеяларды жайылтууга багытталган маанилүү платформа катары бааланды.
Иш-чара Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү, бизнес башкаруу жана социалдык иш багытындагы адистиктер тарабынан уюштурулду.