Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк гендердик зомбулукка каршы күрөшүү күнүнө жана 1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Зордук-зомбулуксуз коом жана СПИДден коргонуу маданияты” аттуу агартуу багытындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары — ОшТУнун аялдар кеңешинин мүчөлөрү Н.А. Эркинбаева, А.Т. Маматкасымова, Ж.Ш. Орозмаматова жана М. Сүйүнбай кызы.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында зордук-зомбулуксуз жашоо маданиятын жайылтуу, гендердик теңчилик тууралуу түшүнүктү кеңейтүү, ВИЧ/СПИД боюнча илимий негизделген маалымат берүү жана жаштарды өз коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакыруу.
Иш-чараны Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов ачып, конокторду тааныштырды.
Андан ары төмөнкү баяндамалар жана талкуулар өткөрүлдү:
• Зордук-зомбулук боюнча маалымат — Меңдайым Сүйүнбай кызы интервью, презентация жана видеоматериалдардын негизинде зордук-зомбулуктун түрлөрү, статистикасы жана алдын алуу чаралары тууралуу түшүндүрмө берди.
• Расмий баяндама — ОшМУнун жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти, ю.и.к. Жылдыз Сагымбаевна Айтбаева үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда кризистик борборлордун ролу боюнча баяндама жасады.
• Гендердик аспект жана медициналык кеңештер — акушер-гинеколог, «Репродукция» медициналык борборлорунун жана «Леди клиника» төрөт үйүнүн негиздөөчүсү Айганыш Кадырбекова гендердик теңчилик, аялдардын укуктары жана интимдик коопсуздуктун медициналык жактары жөнүндө кеңири маалымат берди.
• СПИД жана алдын алуу маданияты — инфекционист дарыгер Назгүл Эркебаева ВИЧ/СПИД, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана коопсуз жүрүм-турум боюнча практикалык кеңештерди сунуштады.
Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, студенттер адистерден кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жыйынтыктоочу сөздү Ош шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы Атыргүл Кожоева сүйлөп, теманын коомдук маанисин белгиледи.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган, 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруунун Улуттук аракеттер планындагы 12-бөлүм — «Аялдарга карата зомбулукту жоюу» багыты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен шайкеш келет.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Билим, илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги тарабынан өлкө ЖОЖдорунда студенттердин үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуу жана мыйзамдык маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык-профилактикалык иш-чаралардын алкагында уюштурулду.
Бул иш-чара ОшТУда студенттердин укуктук жана социалдык маданиятын жогорулатууга, коопсуз жана зомбулуксуз коом түзүүгө багытталган маанилүү платформалардын бири болду.