Ош технологиялык университетинде жыл сайын өтүүчү салтка айланган Экономика жана башкаруу институтунун күнү белгиленди. Иш-чара майрамдык салтанат түрүндө өткөрүлүп, ага университеттин жетекчилиги, институттун окутуучулар жамааты, студенттер жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Салтанатты Ош ТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов ачып, институттун жамаатын жана студенттерди майрамы менен куттуктады. Ал экономика тармагынын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролуна токтолуп, экономист адистерге болгон муктаждык жана алардын коомдогу мааниси жылдан жылга өсүп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында университеттин жана институттун коомдук ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан, окууда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге университет жана институт жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттары берилди.
Салтанатта институттун бүтүрүүчүлөрү да катышып, учурдагы иш тажрыйбалары, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы экономист адистеринин орду жана мааниси тууралуу маалымат бөлүшүштү.
Майрамдын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — биринчи курстарды институтка расмий кабыл алуу жөрөлгөсү болду.
Иш-чара соңунда студенттердин таланттарын жана чыгармачылык өнөрүн камтыган концерттик программа көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланды.
Экономика жана башкаруу институтунун күнү — студенттердин жетишкендиктерин даңазалап, институттун тарыхын, баалуулуктарын жана келечекке болгон багытын да чагылдырган маанилүү иш-чара катары белгиленип келет.