Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Коомдук жана табигый илимдер борбору, Так илимдер предметтик-циклдик бирикмесинин окутуучулары тарабынан математика жумалыгынын алкагында “Билим-Ордо” интеллектуалдык таймашы уюштурулду. Иш-чарага колледждин 1-курс студенттери катышып, логикалык ой жүгүртүү жана математикалык билимин сынап көрүштү.
Таймаштын ачылышында Коомдук жана табигый илимдер борборунун жетекчиси Альбина Абдыкалыковна Таштемирова куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чаранын билим алууда атаандаштыкты жана кызыгууну арттыруудагы маанисин белгиледи.
Ошондой эле Так илимдер предметтик-циклдик бирикмесинин жетекчиси Калыбек Бердибаев сөз алып, катышуучуларга ийгилик каалап, активдүү студенттерге ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, аларга ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды. Математикалык жумалыкта уюштурулган мындай интеллектуалдык таймаштар студенттердин билим деңгээлин бекемдөөгө жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.