Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу институту тарабынан «Экология жана туруктуу өнүгүү» аттуу илимий-практикалык форум уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, окутуучулар, студенттер, мамлекеттик мекемелердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумду ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып берип, университетте аткарылып жаткан экологиялык иш-чаралар жана илимий изилдөөлөр боюнча сөз сүйлөдү. Ал ошондой эле ОшТУнун экологиялык туруктуу өнүгүү жана климаттык адаптация боюнча стратегиялык концепциясы тууралуу маалымат берди.
Илимий бөлүктө төмөнкү баяндамалар окулду:
Токтогулов Т.С. – «Ош шаарынын сел кооптуу аймактарын мониторингдөө»
Тешебаева З.А. – «Ош шаарынын жашыл зоналарынын биоэкологиялык абалы»
Авазбек уулу Акбуура – «Климат өзгөрүүсүнүн сероземдерге тийгизген таасири»
Тургунова Гулхумор (Өзбекстан) – «Приаралье аймагындагы токой-мелиорациялык иштер»
Студенттер арасында экология, климат жана туруктуу өнүгүү боюнча интерактивдүү викторина өткөрүлүп, упайлар эсептелип, жеңүүчүлөр аныкталды.
Андан соң форумдун алкагында мыкты видеороликтер, постерлер жана студенттик долбоорлор сунушталып, жюри тарабынан баа берилди. Иш-чаранын соңунда викторинанын жеңүүчүлөрүнө жана мыкты долбоорлордун авторлоруна сертификаттар тапшырылды.
Ошондой эле форумдун алкагында 1 ай ичинде өткөрүлгөн конкурстук иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Форум экология жана туруктуу өнүгүү жаатындагы билимди кеңейтүүгө, студенттердин илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана коомдук активдүүлүктү жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара болду.