Ош технологиялык университетине «Евразия Кыргызстан» коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова жетектеген делегация иш-сапар менен келди. Делегацияны университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев тосуп алып, жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда ректор Жанболот Турсунбаев билим берүү жаатында өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тарапка тең пайдалуу болгон биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи. Тараптар билим берүү, маданий жана социалдык багыттагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, академиялык алмашуу программаларын өнүктүрүү, ыктыярчылык ишмердүүлүгүн колдоо жана студенттер менен жаш адистер үчүн заманбап билим берүү мейкиндиктерин түзүү боюнча пикир алышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Евразия Кыргызстан» коомдук фонду менен Ош технологиялык университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
Түзүлгөн келишим өлкөнүн түштүк аймагындагы студенттер, окутуучулар жана жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Меморандум эки тараптын билим берүү тармагындагы кызматташуусун чыңдоону, жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну жана жаштардын кесиптик өсүшүнө багытталган биргелешкен иш-чараларды кеңейтүүнү көздөйт.