Ош технологиялык университетинде “Санариптештирүү шартында Кыргызстандын аймактарынын каржылык, эсептик жана инвестициялык өнүгүүсүн талдоо” аттуу жаш илимпоздордун, магистранттардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Иш-чараны Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы менен Экономика жана финансы кафедралары биргеликте уюштурду.
Конференциянын негизги максаты — жаш изилдөөчүлөрдүн илимге болгон кызыгуусун күчөтүү, алардын илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын таанытуу жана илим менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоо болду.
Иш-чарага магистранттар, жаш илимпоздор, окутуучулар жана эксперттер катышып, санариптештирүү шартында аймактардын финансылык туруктуулугу, бухгалтердик эсепти өркүндөтүү, инновациялык өнүгүү, инвестициялар, башкаруу механизми жана жашыл экономика багыттары боюнча 40тан ашык тематикалык баяндамалар сунушталды.
Конференция белгиленген программага ылайык өтүп, катышуучулар актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, илимий идеялар менен тажрыйбалар алмашышты.