Ош технологиялык университетинин окутуучусу Арстанбек уулу Адилет жана 2-курстун студенти Барчынбеков Исхак таэквондо ITF боюнча Бишкек шаарында өткөн чемпионатка катышышты. Чемпионатка Кыргызстан боюнча 26 командадан жалпы 825 спортчу катышты.
Жыйынтыгында:
Машыктыруучу Арстанбек уулу Адилет туль боюнча 1-орунду ээледи.
Студент Барчынбеков Исхак спаррингтен 2-орунду, туль боюнча 2-орунду алды.
Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев аталган спортчуларды кабыл алып, жетишкен ийгиликтери менен куттуктады жана мындан ары да ийгиликтерди каалады.