17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Ош технологиялык университетинин студенттери үчүн Касиет ресторанында майрамдык салтанат уюштурулду.
Иш-чараны университеттин Жаштар комитети уюштуруп, студенттер үчүн жагымдуу майрамдык атмосфера түзүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө Ош ТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев куттуктоо сөзүн айтып, студенттерге окууда ийгилик, кесиптик чеберчиликтин өсүшүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышын, ошондой эле студенттик жылдарды мазмундуу өткөрүүнү каалады. Окуу жайдын коомдук турмушуна активдүү катышып, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.
Майрамдык кеченин жүрүшүндө студенттер үчүн ар кандай оюн-зоок программалар, кызыктуу конкурстар жана концерттик номерлер тартууланып, салтанат жогорку деңгээлде өттү.
Бул иш-чара студенттердин биримдигин күчөтүп, алардын чыгармачылык жана руханий жашоосуна дем берген маанилүү майрамдардын бири катары белгиленди.