Ош технологиялык университетинин 13 окутуучусу 2025-жылдын 15–25-октябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Тэмынгуан шаарындагы Бинтуань окуу жайында квалификациясын жогорулатып келишти.
Бүгүн аларга Бинтуань окуу жайынын проректору тарабынан сертификат ыйгарылды.
Окутуучулар бул мезгил ичинде инновациялык маалымат технологиялары, коопсуздук технологиялары жана эл аралык билим берүү багыттары боюнча билимдерин кеңейтишип, кесиптик компетенцияларын өркүндөтүштү.
Бул квалификация жогорку окутуу сапатын жогорулатууга, заманбап билим берүү методдорун киргизүүгө жана ОшТУнун окутуучуларынын эл аралык деңгээлде кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.