Ош технологиялык университетинде Германиянын алдыңкы билим берүү жана кадр даярдоо багытындагы уюмдарынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга “Немецкая Академия” мекемесинин директору Самара Журабаева, Head of Development Александер Цупанз, жана «Global Recruit GmbH» компаниясынын директору Ондер Юксель катышты. Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алды.
Жолугушууда ОшТУда немис тили курстарын ачуу, студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү кесиптик багыты боюнча Германияда жумушка орноштуруунун механизмдери, алардын эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле учурда Германияда өз адистиги менен иштеп жаткан ОшТУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери тууралуу маалыматтар айтылып, алардын жетишкендиктери жогору белгиленди.
Иш-чараны ОшТУнун практика бөлүмүнүн башчысы Махабат Ибраева уюштурду. Университеттин практика бөлүмү студенттерди өндүрүштүк практикага чыгаруу, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп, иш берүүчү мекемелер менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүп келет. Бул багыттагы иштердин системалуу жүргүзүлүшү студенттерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.
Германиядан келген өкүлдөр ОшТУнун студенттери менен жолугушуп, жумушка орношуу шарттары, коюлган талаптар, карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Германияда ийгиликтүү иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн тажрыйбалары тууралуу кеңири маалымат беришти. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
Иш-чара Ош технологиялык университети менен Германиянын иш берүүчү уюмдарынын ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана студенттер үчүн эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталды.