Ош ТУнун Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда студенттердин окуудагы жана коомдук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерин даӊазалаган салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чараны институттун директору Гулбарчын Муратбаева ачып, студенттерди колдоп келген демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.
Майрамдык иш-чаранын сыйлуу коногу — Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов жыл сайын салтка айланган “Акимдин стипендиясын” окууда, коомдук иштерде жана маданий жашоодо мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен 20 алдыңкы студентке тапшырды. Ошондой эле 2 студент райадминистрациянын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Иш-чаранын дагы бир коногу — Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Болотбек Шерматов, ал жаш муун өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү роль ойной турганын белгилеп, мыкты студенттерге Өзгөн шаардык мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Институттун бүтүрүүчүсү, учурда коомчулуктун активдүү өкүлү болгон Эмил Осмонов да өз демилгеси менен студенттерди колдоп, өзүнүн жеке каражатынын эсебинен 30 000 сомдук “Жеке стипендияны” 9 студентке тапшырды.
Мындан сырткары окууда, коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларда активдүүлүк көрсөткөн бир катар студенттерге институттун Ардак грамоталары ыйгарылды.
Сыйлоо аземинин жүрүшүндө институттун таланттуу студенттери даярдаган концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.