Бишкек шаарында өткөн таэквондо (ITF) боюнча Бишкек шаарынын чемпионатына Ош технологиялык университетинин кызматкери Арстанбек уулу Адилет жана университеттин 2-курстун студенти Барчынбеков Исхак катышып, жогорку жыйынтыктарга жетишишти.
Мелдешке республика боюнча 26 командадан 825 спортчу катышкан. Катуу атаандаштыкта өткөн чемпионатта машыктыруучу Арстанбек уулу Адилет “туль” багыты боюнча 1-орунду ээледи.
Ошондой эле студент Барчынбеков Исхак “спарринг” боюнча 2-орунду, “туль” боюнча да 2-орунду камсыздап, мыкты көрсөткүчкө жетишти.
Бул ийгилик университеттин жаштарын спортко тартуу жана дени сак жашоо образын жайылтуу багытындагы ишмердүүлүктүн натыйжасы болуп саналат.











