Медициналык пункт университеттин студенттерине жана кызматкерлерине баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө арналган атайын мекеме болуп саналат. Ал алгачкы жардам көрсөтүү, диагноз коюу жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыздалган.
Медициналык пункттун негизги функциялары:
Жаракаттар, курч оорулар жана өзүн жаман сезүү учурларында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.
Студенттер менен кызматкерлерге медициналык кароолорду жүргүзүү.
Саламаттык жана оорулардын алдын алуу боюнча кеңеш берүү.
Зарыл болгон учурда шашылыш жардам көрсөтүү жана адистештирилген медициналык мекемелерге жөнөтүү.
Медициналык талаптарга ылайык эмдөө жана профилактикалык прививкаларды жүргүзүү.
Университеттеги санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө.
ОшМУнун Медициналык клиникасы менен болгон келишим 2025-жылдын 1-сентябрында жаңыртылганы тууралуу М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин администрациясы маалымдайт. Бул келишимдин негизги максаты – студенттерге, анын ичинде чет элдик жарандарга, баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү болуп эсептелет.
Келишимдин алкагында студенттерге акысыз негизде адистердин алгачкы кабыл алуусу, консультациялар, изилдөөлөргө багыттамалардын берилүүсү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү каралган.
Документте кошумча түрдө репродуктивдүү саламаттыкты коргоого жана студенттик чөйрөдө жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү да белгиленген.
Договор об оказания медицинских услуг студентам ОшТУ
ОшТУда медицина тармагына байланыштуу ар кандай билим берүүчү жана маалыматтык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Алардын максаты — студенттердин жана кызматкерлердин ден соолук тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана оорулардын алдын алуу боюнча маанилүү маселелерге көңүл буруу.
Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүСПИД график
Семинар
Бангизаттарга каршы күрөшүү










