Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Шихэцззы университетинин Машина куруу жана электротехника институтунун делегациясы расмий сапар менен келди. Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев тосуп алды.
Ректор Жанболот Турсунбаев өз сөзүндө Кытай Эл Республикасындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, академиялык алмашуу, илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын өз ара тажрыйба алмашуусу боюнча маселелер талкууланды.