Ош технологиялык университетине Япониянын «Issunbo Co., Ltd.» компаниясынын директору Камияма Тэцумаса мырза расмий сапар менен келди. Конокту университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.
Жолугушууда студенттерди эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга жана жумушка жайгаштырууга шарт түзүү, Ош ТУда жапон тили борборун ачуу маселелери талкууланды. Борбор студенттерге жапон тилин үйрөтүү жана Япониянын ири компанияларында ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылат.
Камияма Тэцумаса мырза Архитектура жана курулуш институтуна да барып, студенттердин долбоорлору менен таанышты. Ал Ош ТУнун студенттеринин чыгармачылык потенциалын жогору баалап, келечекте архитектура жана курулуш багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Маалымат үчүн: «Issunbo Co., Ltd.» — Япониянын архитектура жана курулуш тармагындагы эл аралык компания. Компаниянын курамында 12 мамлекеттин адистери эмгектенет, 5 багыттагы лицензияланган бөлүмдөрү бар. Компания нөлдөн баштап долбоордук эсептөөлөрдү, 3D моделдөө жана BIM технологияларынын негизинде архитектуралык долбоорлорду ишке ашырат.