2025-жылдын 3–4-ноябрь күндөрү Ош технологиялык университети Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ББПУАА) эксперттик комиссиясы тарабынан тышкы баалоодон өтүүдө. Аккредитация магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 15 бакалавриат, 4 магистратура жана 6 орто кесиптик билим берүү программасын камтып, жалпысы 25 билим берүү программасы боюнча жүргүзүлүүдө.
Аккредитациянын алкагында эксперттик топ университеттин жетекчилиги менен жолугушуп, окуу жайдын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат алышты. ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев университеттин тарыхы, стратегиялык максаттары жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири баяндама жасады.
Учурда эксперттик комиссия өз ишин баштап, университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессинин уюштурулушу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытында байкоо жүргүзүүдө. Ошондой эле студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен маектер өткөрүлүп, сабактарга катышуу иштери улантылууда.
Эксперттик топ ОшТУнун инфраструктурасы — окуу корпустары, лабораториялар, китепкана, спорттук аянтчалар, студенттик шаарча жана инновациялык борборлор менен да таанышып чыкты.
Бул иш-чара Ош технологиялык университетинин билим берүү сапатын жогорулатуу, эл аралык деңгээлге чыгаруу жана студенттер үчүн мыкты шарттарды түзүү аракетинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.











