2025-жылдын 31-октябрында Ош технологиялык университетинде “Golden Autumn American Fest” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Фестивалды ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Асанбек Акматалиев ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Иш-чара Америка маалыматтык-ресурстук борбору тарабынан уюштурулуп, ага билим алып жаткан студенттер катышты. Үч команда — “Golden team”, “Team X” жана “Dream team” — музыкалык номерлер, бий шоу, чыгармачылык көргөзмө жана америкалык пирогдордун дегустациясы менен өз таланттарын көрсөтүштү.
Фестивалдын жыйынтыгында видеоролик көрсөтүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чара студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана маданий жактан байытууга багытталды.
“Golden Autumn American Fest” — бул америкалык маданий фестиваль, адатта күз мезгилинде өткөрүлүп, студенттерге Америка маданияты менен таанышууга, чыгармачылык жана таланттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.