Ош технологиялык университетинин Энергетика жана транспорт институтунун, ошондой эле гуманитардык-технологиялык колледжинин Энергетика предметтик-циклдык бирикмесинин окутуучулары Казакстан Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларына иш-сапар менен барышты.
Сапардын алкагында Сатбаев атындагы Казак улуттук изилдөө техникалык университети, Гумарбек Даукеев атындагы Алматы энергетика жана байланыш университети жана Евразия технологиялык университети менен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду. Ошондой эле окутуучулар аталган университеттердин материалдык-техникалык базалары, лабораториялары жана окуу процессин уюштуруу тажрыйбасы менен таанышышты.
Мындан сырткары, делегация мүчөлөрү Гумарбек Даукеев атындагы Алматы энергетика жана байланыш университетинин 50 жылдык мааракесине арналган “Энергетика, инфокоммуникациялык технологиялар жана жогорку билим” аттуу XIII эл аралык илимий-техникалык конференцияга катышып, өздөрүнүн илимий докладдарын сунушташты.
Иш-сапарга төмөнкү окутуучулар катышышты:
- Турдуев Ильяз Эрмекович – «Электр менен жабдуу» кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент;
- Андаева Замира Туратовна – «Электр менен жабдуу» кафедрасынын доценти, т.и.к.;
- Элчиева Малика Сейталиевна – «Электр станциялары, тармактары, торлору жана энергетикалык машина куруу» кафедрасынын доценти, т.и.к.;
- Жусупов Исматилла Монокович – ГТКнын Энергетика ПЦБнын окутуучусу;
- Абдыразакова Сырга Бекиевна – ГТКнын Энергетика ПЦБнын окутуучусу;
- Абсамат кызы Гулиза – ГТКнын Энергетика ПЦБнын окутуучусу.
Бул иш-сапар Ош технологиялык университетинин эл аралык кызматташтыктагы аракеттерин кеңейтип, академиялык жана илимий байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарган маанилүү кадам болду.











