Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледждин Коомдук жана табигый илимдер борборунун Коомдук илимдер бирикмесинин окутуучулары жана студенттери улуу тарыхка жол салган, улуу инсан Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүштү.
Иш-чараны Коомдук жана табигый илимдер борборунун жетекчиси Альбина Таштемирова ачып, Алымбек датканын эл үчүн жасаган эрдиги, мекенчилдиги жана тарыхтагы орду тууралуу айтып өттү.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер жана этнофуршет сунушталып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында «Датка мурасы – эл эсинде» аттуу сүрөт конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Коомдук илимдер бирикмесинин башчысы Улукбек Элчибеков жеңүүчүлөрдү куттуктап, университет атынан дипломдорду жана белектерди тапшырды.
Бул иш-чара тарыхый инсандардын эл алдындагы эмгегин даңазалоого, студенттердин патриоттук сезимин жана чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маданий жана тарыхый иш-чара болуп өттү.











