Ош технологиялык университетинин Архитектура жана курулуш институтунун студенттери Дастан Абдукаимов жана Байэл Салиев Россиянын Омск шаарында өткөн “V Форум молодых лидеров: Россия – Центрально-Азиатский регион” аттуу эл аралык форумга катышып келишти.
Бул форумга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана Россиядан жаш лидерлер, активисттер жана студенттер чогулуп, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар панелдик сессияларда жана тренингдерде тажрыйба алмашып, лидерлик жөндөмдөрүн өрчүтүштү. Форумдун соңунда Дастан менен Байэлге атайын сертификаттар тапшырылды.
Бул ийгилик — ОшТУ студенттеринин эл аралык аренадагы активдүүлүгүнүн жана лидерлик сапатынын дагы бир далили!











