Ош технологиялык университетинде Архитектура жана курулуш институтунун Курулуш өндүрүшү кафедрасы тарабынан “Курулуш багытынын билим берүү программаларын баалоо жана окуу пландарын жакшыртуу” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага курулуш тармагы боюнча иш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Тегерек столдун негизги максаты — курулуш багыты боюнча билим берүү программаларын жана окуу пландарын заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү, студенттердин алган теориялык билимдерин өндүрүштүк тажрыйба менен айкалыштыруу жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу процессин жакшыртуу болуп саналат.
Иш-чарада Курулуш өндүрүшү кафедрасынын башчысы, доцент А.С. Мамытов билим берүү программаларынын мазмуну боюнча баяндама жасап, иш берүүчүлөр менен биргеликте окуу пландарын талкуулады. Ал эми ОшТУнун профессору У.С. Джусуев студенттердин шаардагы ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өндүрүштүк практикаларды өтүп, алган билимдерин практикада бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Тегерек столго ОшТУнун окуу бөлүмүнүн башчысы У.Д. Абдуллаев, Архитектура жана курулуш институтунун директору, техника илимдеринин кандидаты, доцент М.Д. Шабданов, директордун окуу иштери боюнча орун басары К. Кошмамат уулу, Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгынын башкы адиси Салима Исмаилова, КНАУФ ресурстук борборунун жетекчиси Байзак Абылович Мамытов, Имараттарды инженердик изилдөө бөлүмүнүн түштүк региону боюнча жетекчиси Акрамжон Абиджанович Тажибаев жана Ош областтык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Макамбаевич Калыкбердиев катышышты.
Талкууда билим берүү программалары менен окуу пландарын заман талабына ылайык өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар берилди. Катышуучулар тарабынан кызыктуу пикирлер айтылып, көйгөйлүү суроолор талкууланып, келечектеги кызматташтык багыттары белгиленди.











