Ош технологиялык университетинин ректору профессор Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Адам ресурстары жана социалдык коопсуздук министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Шанхай шаарындагы XXIII эл аралык талант алмашуу конференциясына, Харбин университети уюштурган Санья шаарында “Кытайдын жана Борбордук Азиянын алдыңкы университеттеринин ортосундагы инженердик билим берүү тармагындагы кызматташуу жана алмашуу” иш-чарасына, “Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы ядролук синергия, келечекке мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” иш-чарасына катышты.
Аталган иш-чараларга Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия, Улуу Британия, АКШ, Франция, Германия, Япония, Австралия, Эфиопия, Бразилия, жана башка 30дан ашуун өлкөдөн 5000ге жакын чет элдик эксперттер, ошондой эле Кытайдын 500 университетинен, илимий институттарынан жана ишканаларынан өкүлдөр катышты. Алардын арасында 300дөн ашуун академиктер, 10дон ашык Нобель сыйлыгынын лауреаттары, 500дөн ашык корпорациялардын жана белгилүү компаниялардын өкүлдөрү болду.
Конференциянын жүрүшүндө ОшТУнун окумуштуулары илимдеги артыкчылыктуу багыттар боюнча өз баяндамаларын сунушташты жана ар тараптуу, жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү, реалдуу долбоорлорду чогуу ишке ашыруу маанилүүлүгүн баса белгилешти.
ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев эл аралык иш-чараларда узак мөөнөттүү кызматташууга, биргелешкен демилгелерди, идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле келечектеги илимий, билим берүү тармагындагы глобалдык чакырыктарга биргелешип жооп берүүгө жана ОшТУга инвестиция салууга чакырды, кызматташуунун жаңы багыттарын сунуштады.
Эл аралык иш-чаралардын алкагында бир канча жогорку окуу жайлары менен кызматташуулардын багыттарын талкуулашып, макулдашышты.











