Ош технологиялык университетинде Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын Цзямусы шаарынын мэриясынан келген расмий делегация менен жолугушуу болуп өттү. Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жетектеген курам тосуп алып, эки тараптуу кызматташуу багыттарын талкуулады.
Делегация курамында төмөнкү өкүлдөр болду:
- Доу Пэнхуэй — Цзямусы шаарынын вице-мэри;
- Лю Хунгэ — айыл чарба машиналары башкармалыгынын жетекчи орун басары;
- Лю Чжэнхуэй — Цзямусы шаарынын илим жана технологиялар башкармалыгынын бөлүм башчысы;
- Шэнь Юэцин — Тунцзян шаарынын тышкы байланыштар башкармалыгынын котормочусу;
- Лю Цян — Кыргыз мамлекеттик жер семирткичтер заводуунун сатуулар бөлүмүнүн жетекчиси;
- Айсажаан Турсун — “Кыргыз–Кытай инвестициялык ассоциациясынын” башкы катчысынын орун басары;
- Лю Биньлинь — Кыргыз жер семирткичтер заводуунун цех башчысы;
- Хань Сянхуа — “Кыргыз–Кытай инвестициялык ассоциациясынын” вице-президенти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, илим жана инновация тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, академиялык байланыштарды өнүктүрүү, студенттердин алмашуусу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, университеттин базасында заманбап айыл чарба шаймандарынын технопарк жарманкесин уюштуруу боюнча пикир алышты.
Ректор Жанболот Турсунбаев делегация мүчөлөрүнө Ош технологиялык университетинин ишмердүүлүгү, эл аралык байланыштары жана илимий потенциалы тууралуу маалымат берип, келген конокторго ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташуу жана достук байланыштарды чыңдоо ниетин билдиришти.











